> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/10/alamudundo-baasy-9-mlrd-161-mln-somduk-zhier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-10T06:18:03.000Z
- Updated: 2026-03-10T06:18:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.