> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/10/bishkiektie-myizamsyz-zhaighashkan-pitstsieriia-diemontazhdaluuda/
- Published: 2026-03-10T10:25:29.000Z
- Updated: 2026-03-10T10:25:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен кат жөнөтүлгөн.

> Натыйжада объекттин ээлери курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Учурда конструкцияны бузуу жана аймакты бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-30.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-18.jpeg)