> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/10/okmotto-aiyl-charbasyn-kattoogho-daiardyk-talkuulandy/
- Published: 2026-03-10T11:29:28.000Z
- Updated: 2026-03-10T11:29:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү.**

Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары видео байланыш аркылуу катышышты.

> Белгиленгендей, айыл чарбасын каттоо эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, агрардык тармак боюнча толук жана ишенимдүү маалыматтарды алууга багытталган. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.

Эрлист Акунбеков бул иш-чара өлкөнүн агрардык тармагынын абалын баалоо жана аны мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айыл чарбасын каттоо иштерин календардык планга ылайык өз убагында өткөрүүнү жана статистика органдарына көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-33.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-45.jpeg)