> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/10/urmatbiek-shamyrkanovdun-kyzmattan-alynuusunun-siebiebi-aityldy/
- Published: 2026-03-10T09:38:06.000Z
- Updated: 2026-03-10T09:38:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алууга шектелгенине байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.**

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровго министрликтин кызматкерлеринин бири арыз менен кайрылып, кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында акча талап кылынганын билдирген. Анын айтымында, суралган сумманын бир бөлүгүн ошол кездеги министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп берген.

> Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Башкы прокуратура бул маалыматтарды текшерип, арызда айтылган фактылар тастыкталганын билдирген.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.