> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/10/ysyk-koldo-565-min-som-alimienttik-karyz-onduruldu/
- Published: 2026-03-10T12:55:10.000Z
- Updated: 2026-03-10T12:55:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн.

> Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлдү.