> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/11/oshto-rieid-uchurunda-270-min-somduk-myizamsyz-dary-darmiek-anyktaldy/
- Published: 2026-03-11T10:00:43.000Z
- Updated: 2026-03-11T10:00:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган.

> Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү. Мындан тышкары, текшерүү учурунда дарыкананын дары-дармектерди сактоо жана сатуу боюнча тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иш алып барганы да аныкталды.

Ошондой эле салык мыйзамдарын бузган бир катар башка фактылар белгилүү болду. Тактап айтканда:

> товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөнжүргүзүлгөн;

> айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес;

> контролдук-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-85.jpeg)