> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/batkiendie-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-12T04:05:26.000Z
- Updated: 2026-03-12T04:05:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес. 

> Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагында мыйзамдуулукту, сапатты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирет.