> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/bishkiektie-95-miektieptie-myizamsyz-akcha-choghultuu-faktysy-anyktaldy/
- Published: 2026-03-12T13:17:44.000Z
- Updated: 2026-03-12T13:17:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында 4 мугалим административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мектептин директору кызматынан бошотулду.

Учурда билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер улантылууда.