> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/chon-alai-raionunda-3-mln-som-salyk-karyzy-onduruldu/
- Published: 2026-03-12T13:29:19.000Z
- Updated: 2026-03-12T13:29:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.** 

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык**,** Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн.

> Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган сумманы өз ыктыяры менен толугу менен төлөп берди. 

Учурда каражат мамлекеттик бюджетке толугу менен которулду.