> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/olkodo-1-250-min-ghiektar-zhierghie-aiyl-charba-osumduktorun-siebuu-plandaluuda/
- Published: 2026-03-12T05:04:07.000Z
- Updated: 2026-03-12T05:04:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат.

Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары) жана Чүй өрөөнүндө жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында отчеттук мезгилге карата себүү иштери баштала элек.

> Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндери 32,6 миң гектар жерге себилди. Анын ичинде буудай 11,4 миң гектарга себилип, анын ичинен Ош облусунда 5,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 2,5 миң гектар, Чүй облусунда 1,7 миң гектар, Баткен облусунда 1,5 миң гектар жерди түздү.

Арпа 13,5 миң гектарга себилип, анын ичинен Чүй облусунда 6,3 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 3,2 миң гектар, Баткен облусунда 3,1 миң гектар, Ош облусунда 0,9 миң гектар жерге айдалды.

> Мындан тышкары, республика боюнча 2,4 миң гектар жерге картошка отургузулду. Анын ичинде Ош облусунда 1,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 0,6 миң гектар, Баткен облусунда 0,08 миң гектар жерди түзөт. Ал эми жашылча өсүмдүктөрү Ош облусунда 5 гектар жерге себилди.