> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош-Сити IT-шаарчасынын долбоору боюнча жол картасы иштелип чыгат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/osh-siti-it-shaarchasynyn-dolbooru-boiuncha-zhol-kartasy-ishtielip-chyghat/
- Published: 2026-03-12T04:48:41.000Z
- Updated: 2026-03-12T04:48:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан объект боюнча техникалык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов, ошондой эле “Бизнес Хаус КЖ” жана “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты.

> Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу учурунда пайда болгон техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү сунуштар каралды.

Жыйындын жыйынтыгында институт менен компаниялар долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын аныктаган атайын жол картасын иштеп чыгуу жана мындан аркы иштерди ошол документтин негизинде жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-35.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-95.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-41.jpeg)