> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/12/zhyl-bashynan-bieri-3-kaira-ishtietuuchu-ishkana-zhana-1-loghistikalyk-borbor-ishkie-bierildi/
- Published: 2026-03-12T03:39:22.000Z
- Updated: 2026-03-12T03:39:22.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган. Учурда өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди.

Атап айтканда:

> Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.

> Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизди.

> Ысык-Көл облусу, Тоң району — "Эрдик" ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкананы ачты.

> Манас шаары "Золотой Орех" ЖЧК соода-логистикалык борбор каттоодон өттү. Кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.

Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.