> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/13/fieik-akkaunttar-arkyluu-karalaghandar-myizam-chieghindie-zhoopko-tartylat/
- Published: 2026-03-13T06:35:13.000Z
- Updated: 2026-03-13T06:35:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган маалыматтарды таратып келген.

> "Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ар бир жарандын кайрылуусу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзөбүз. Эгер аккаунт ачып алып жамандаган учурлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", — деди ал.