> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/13/ton-raionundaghy-rieiddie-myizamsyz-saktalghan-kural-zharaktar-anyktaldy/
- Published: 2026-03-13T08:27:33.000Z
- Updated: 2026-03-13T08:27:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.**

Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды.

Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган тургуну О.Инин үйүнөн 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана 5 даана ок алынган.

> Ал эми Тоң айылынын 1955-жылы туулган тургуну Ж.О.нун үйүнөн сайлуу ок атуучу курал жана 23 даана ок, ошол эле айылдын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Б.нын үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана 23 даана ок табылган.

Аталган куралдардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда курал ээлерине карата протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.