> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/13/ysyk-kolgho-kuighan-daryialargha-582-min-daana-foriel-chabaghy-koio-bierildi/
- Published: 2026-03-13T04:37:36.000Z
- Updated: 2026-03-13T04:39:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери жана Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери катышты.

> Аталган иш-чаранын алкагында жалпы 582 миң даана Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактары көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында Ысык-Көлгө куйган дарыяларга коё берилди.

Чабактар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

- **Ак-Терек суусуна** — 80 миң даана
- **Тоң суусуна** — 150 миң даана
- **Кекилик суусуна** — 50 миң даана
- **Тамга суусуна** — 50 миң даана
- **Жети-Өгүз дарыясына** — 50 миң даана
- **Каракол суусуна** — 50 миң даана
- **Кара-Сууга** — 32 миң даана
- **Жыргалаң дарыясына** — 60 миң даана
- **Түп дарыясына** — 60 миң даана

Бул иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.