> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/16/bishkiek-bazarlarynda-vietierinardyk-dokumienttieri-zhok-et-anyktaldy/
- Published: 2026-03-16T09:59:24.000Z
- Updated: 2026-03-16T09:59:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мал уурдоонун алдын алуу максатында 14-мартта түнкү саат 02:00дө Бишкек шаарындагы эт базарларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чарага Мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери катышты.

Мониторингдин алкагында 4 мобилдик топ түзүлүп, Ош базары, "Алтын Така" базары, Аламүдүн базары жана Орто-Сай базары текшерилди.

> Текшерүүдө "Алтын Така" базарына ветеринардык документтери толук эмес эт алып кирүү аракеттери аныкталды. Mercedes-Benz автоунаасы менен ташылып келген 16 бодо малдын этине 14 гана документ болгон. Ошондой эле Sprinter автоунаасы менен ташылган 5 бодо малдын этинен бирине берилген ветеринардык документтин мөөнөтү өтүп кеткен.

Мындан тышкары, 3 жылкыны ветеринардык документтерсиз ташуу фактысы аныкталып, Ош базарында документтери жок жылкынын этин сатуу аракети токтотулду.

Аныкталган фактылар боюнча жүктүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.