> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/16/bishkiektie-myizamsyz-kurulush-anyktalyp-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-16T05:14:01.000Z
- Updated: 2026-03-16T05:14:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында курулуш реестрине катталбаган 9 кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Варкутинск көчөсүнүн №35, 37 жана 39 даректеринде курулуп жаткан турак жай курулуш реестрине катталбаганы жана курулуш-монтаждоо иштеринде талаптар сакталбаганы аныкталды.

> Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Байхан Строй” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, бардык мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу тууралуу көрсөтмө берилди.

Ошондой эле объекттин курулуш реестрине катталбагандыгына байланыштуу, кыймылсыз мүлктү сатуу фактысы боюнча ички иштер органдарына расмий кат жөнөтүлдү.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө максатында рейддик иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп жатканын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-65.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-52.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-45.jpeg)