> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/16/kalys-ordo-konushunda-650-orunduu-zhany-miektiep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-03-16T09:44:34.000Z
- Updated: 2026-03-16T09:44:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департамент жетекчилери менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Калыс-Ордо конушунда салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча билим берүү мекемеси жертөлөсү менен эки кабаттуу болуп салынып, 650 окуучуга ылайыкталат.

> Жаңы мектепте кең окуу класстары, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Учурда объектте жер казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Калыс-Ордо конушундагы №86 жалпы билим берүү орто мектебинде 4385 окуучу билим алууда. Жаңы мектептин курулушу аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-67.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-54.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-47.jpeg)