> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/16/korieianyn-koldoosu-mienien-bishkiektie-mieditsinalyk-shaarcha-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-03-16T09:31:15.000Z
- Updated: 2026-03-16T09:31:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган **“Борбор Азия — Корея Республикасы”** саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду чыңдоого жана практикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча катары каралууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө **Economic Development Cooperation Fund** уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоору ишке ашырылып жатканы жана **“Медициналык шаарча”** демилгесинин алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун куруу жана модернизациялоо боюнча долбоор даярдалып жатканы айтылды.

> Министр Дамир Осмонов медициналык кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, учурда кыргыз адистери Түштүк Кореядагы “Lee Jong-wook Fellowship Program” программасы аркылуу заманбап технологияларды жана медицинаны башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүү ниетин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-28.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-11.webp)