> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/16/ozghondo-baldar-zholokpulu-myizamsyz-toktotulghan-fakt-anyktaldy/
- Published: 2026-03-16T09:02:50.000Z
- Updated: 2026-03-16T09:02:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

> Натыйжада К.Б. аттуу муктаж жарандын төрт жашы жете элек баласына берилген “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу токтотулган.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.