> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/17/byiyl-dyikandargha-3-7-mlrd-somgho-1-089-daana-tiekhnika-bierildi/
- Published: 2026-03-17T06:44:48.000Z
- Updated: 2026-03-17T06:44:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Бул долбоорлордун алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта сунушталууда.

Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен лизингге берилет.

> Жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника дыйкандарга жеткирилген. Ал эми 2026-жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди.

Бул иштер айыл чарбасын механизациялоону жакшыртып, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.