> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/17/profsoiuz-kochosundo-myizamsyz-obiektilierdi-diemontazhdoo-ulanuuda/
- Published: 2026-03-17T11:29:29.000Z
- Updated: 2026-03-17T11:29:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу долбоорунун алкагында жол курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, алып салуу иштерин улантууда.

Акыркы бир жума ичинде төмөнкү объектилер демонтаждалды:

- капиталдык тосмолор — 58 даана;
- капиталдык фундаменттер — 17 даана;
- жеңил типтеги тосмолор — 41 даана;
- ажатканалар — 22 даана;
- чарбалык курулуштар — 14 даана;
- күркөлөр — 2 даана;
- контейнер — 1 даана.

Маалыматка ылайык, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-130.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-69.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-57.jpeg)