> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/17/ysyk-koldoghu-kyrchyn-turbazasy-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-17T06:13:17.000Z
- Updated: 2026-03-17T06:13:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды.**

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын" турбазасынын мүлктүк комплекси жана ага тиешелүү 11 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.