> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келерки окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/18/prie/
- Published: 2026-03-18T07:37:46.000Z
- Updated: 2026-03-18T07:37:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**2026–2027 окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталганын лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди. Анын айтымында, конкурс Кыргызстандын мектептеринин 6- жана 7-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.**

"Президенттик лицей 2023-жылдын август айынан бери Чолпон-Ата шаарында иштеп келет. Учурда анда Кыргызстандын бардык региондорунан келген 264 окуучу билим алууда. Окуу акысыз, жатакана бар, күнүнө беш жолу тамак берилет, медициналык кызмат көрсөтүлөт. Булардын баары бекер", — деди Рыскулов.

Ал ошондой эле президенттик лицейдин филиалдары Манас жана Талас шаарларында ачыларын, алар 2026-жылдын күзүнөн тарта иштей баштай турганын билдирди.

> "6-класстын окуучулары күзүндө 7-класска өтөт. 6-класстын окуучулары үчүн конкурс бардык үч лицейге кабыл алуу үчүн өткөрүлөт. Ал эми 7-класстын окуучулары Манас жана Талас шаарларындагы лицейлерге кабыл алынат, анткени Чолпон-Атадагы лицейде 8-класс бар", — деп түшүндүрдү Рыскулов.

Конкурска катышууну каалаган талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

- Учурда Кыргызстандын мектептеринин 6 же 7-класстын окуучусу болуу;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
- Жакшы же мыкты окуу көрсөткүчүнө ээ болуу ("ударник" же "отличник").

***Конкурстун үч баскычы бар:***  
1 жана 2-турлар — test.akylman.edu.kg сайтында онлайн-тестирлөө;  
3-тур — офлайн-тестирлөө, ал Кыргызстандын ар бир регионунда өткөрүлөт.

1 жана 2-турдагы тесттерде "Математика", "Кыргыз тили", "Орус тили" предметтери боюнча суроолор жана логикалык тапшырмалар камтылган.

3-турдагы тесттерде "Математика", "Кыргыз тили", "Англис тили" предметтери боюнча суроолор жана логикалык тапшырмалар кирет.