> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/18/son-kolgho-4-2-mln-chabak-koio-bierildi/
- Published: 2026-03-18T08:01:46.000Z
- Updated: 2026-03-18T08:01:45.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көл көлүнө май-канат (сиг-лудога) балыгынын орточо салмагы 0,30 грамм болгон 4 миллион 200 миң даана чабак коё берилди.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025-2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

> Балыктандыруу иштерине “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун өкүлдөрү жана Нарын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара көлдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.