> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/18/ukmk-kyzmatkierlierinie-korruptsiia-boiuncha-kylmysh-ishi-kozgholdu/
- Published: 2026-03-18T11:35:17.000Z
- Updated: 2026-03-18T11:35:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан акча каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.