> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/bishkiektie-24-martta-ichuuchu-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-03-19T11:53:40.000Z
- Updated: 2026-03-19T11:53:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**24-мартта саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттени билдиришти.**

Суу берүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине чектелет.

> Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектеш аймактарда болот: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.

Ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик жана Салам-Алик конуштарында суу болбойт.

Өчүрүү "Северный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" ишканасы жарандардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат жана жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.