> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/bishkiektie-munitsipaldyk-izharany-emi-onlain-bashkaruugha-bolot/
- Published: 2026-03-19T05:38:57.000Z
- Updated: 2026-03-19T05:38:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Функция аркылуу колдонуучулар:

- ижара келишимдерин көрө алышат;
- төлөм мөөнөттөрү тууралуу эскертмелерди алышат;
- ижара акысын онлайн төлөп, операциялардын тарыхын көзөмөлдөй алышат.

> Бардык кызматтар онлайн форматта, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт. Учурда ижарачылар жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуп башташып, анын ыкчамдыгын жана ыңгайлуулугун белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды санариптик кызматтарды активдүү колдонууга чакырат.