> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/kamchybiek-tashiiev-kylmysh-ishi-boiuncha-kubo-katary-suraluuda/
- Published: 2026-03-19T05:08:25.000Z
- Updated: 2026-03-19T05:08:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.