> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/talasta-16-9-mln-somduk-zhier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-19T04:44:17.000Z
- Updated: 2026-03-19T04:44:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

> Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң 600 сомду түзгөн жер тилкеси жана кампа курулмалары мамлекеттин балансына кайтарылды.