> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/toktoghul-zhol-tieiloo-ishkanasynda-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-03-19T05:55:45.000Z
- Updated: 2026-03-19T05:55:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду.

> Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү сууну пайдаланганы аныкталган. Бул факт боюнча №222 токтомдун негизинде 58 миң 320 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Ошондой эле мекеме сууну пайдаланып келгенине карабастан, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөнү белгилүү болду.