> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/zhalal-abadda-myizamsyz-kurulghan-sooda-borborunun-ishi-toktotuldu/
- Published: 2026-03-19T13:40:06.000Z
- Updated: 2026-03-19T13:40:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарындагы курулуш объектилеринин сапаты, мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы каралды.

Натыйжада Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борбору уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды.

> Ага байланыштуу объекттеги бардык курулуш иштери токтотулуп, аянт мөөр басылып жабылды. Ошондой эле буйрутмачыга айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Көзөмөл органы курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү зарылдыгын эскертет.