> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумгалда 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/19/zhumghalda-2-35-ghiektar-zhier-myizamsyz-bierilghieni-anyktaldy/
- Published: 2026-03-19T12:40:55.000Z
- Updated: 2026-03-19T12:40:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары жарандардын арыздарысыз жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, калктуу конуштар аймагындагы жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бөлүп беришкен.

> Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.