> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/22/chiernoghoriianyn-tyshky-ishtier-ministri-kyrghyzstangha-rasmii-sapar-mienien-kieliet/
- Published: 2026-03-22T08:01:33.000Z
- Updated: 2026-03-22T08:01:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.**

Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда.

> Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.