> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласка келген дарыгерлердин акысыз кароосу, узун кезек жана убараланган элдин үнү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/22/talaska-kielghien-daryghierlierdin-akysyz-karoosu-uzun-kieziek-zhana-ubaralanghan-eldin-unu/
- Published: 2026-03-22T05:57:35.000Z
- Updated: 2026-03-22T05:57:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, 22-мартта Талас областтык ооруканасында “Алтын Альянс” ишканасынын финансылык колдоосунун негизинде Бишкек шаарынан белгилүү хирург, лор, уролог, гинеколог, маммолог жана кардиолог дарыгерлери келишип,** [**акысыз кабыл алышы** ](https://www.instagram.com/reels/DWGeZwyDNRV/)**пландалган. Ага ылайык УЗИ, ЭХО, ЭКГ жана башка дартты аныктоо жолдору жергиликтүү калк үчүн акысыз жүргүзүлмөкчү.**

“Ишкер медианын” катталуучуларынын билдирүүсүнө караганда, кесипкөй дарыгерлер **1 күнгө жана 6-7 саат** убакытка гана бейтаптарды текшерүүгө убакыт бөлүшкөн. Ушундан улам, дарыгердин кабыл алуусуна жетпей калган жергиликтүү **элдин нааразылыгы жаралууда**. Анткени, акысыз каралууну каалаган элдин кезегинин узундугу, убакыттын чектелүүсү көпчүлүктү убаракерчиликке салган. Айрыкча алыскы райондон келген бейтаптар, мындай акысыз акцияны жок дегенде 2-3 күнгө кылса болмоктугун билдиришип, өз ойлорун комментарийге калтырышкан. 

Белгилей кетсек, **2022-жылдагы** маалымат боюнча **Талас облусунун калкынын саны** болжол менен **274 029 адамды** түзөт. Облус 4 райондон, 36 айылдык округдан жана 90 айылдан турат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/a25e0255-b229-41be-bd7b-220acff4cc03.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/310d0bfd-2da5-4e72-bbd8-07258075a896.jpg)

Сүрөт "Ишкер медианын" окурмандарына таандык