> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/23/bishkiektie-25-martta-zhylytuu-siezonu-aiaktap-1-aprieldien-tarta-ysyk-suu-ochurulot/
- Published: 2026-03-23T13:00:30.000Z
- Updated: 2026-03-23T13:00:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо боюнча штабдык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**

Жыйындын жыйынтыгында борбор калаада жылытуу сезонун 2026-жылдын 25-мартында аяктоо чечими кабыл алынды.

Жылытуу сезону аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки мезгилге даярдык көрүп, тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзө баштайт.

> Ошондой эле 1-апрелден 10-майга чейин шаарда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул аралыкта жылуулук тармактарында профилактикалык жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.