> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ар бир дарак “паспорт” алат: жаңы экологиялык система ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/23/bishkiektie-ar-bir-darak-pasport-alat-zhany-ekologhiialyk-sistiema-ishkie-kirdi/
- Published: 2026-03-23T10:55:43.000Z
- Updated: 2026-03-23T10:55:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жашыл көчөттөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынды. Бул демилге Экологиялык кеңештин алкагында сунушталып, коомчулук тарабынан кеңири колдоого ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.** 

Ага ылайык, шаар мэри Айбек Джунушалиев “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына электрондук карталарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Жаңы система аркылуу ар бир шаар тургуну бак-дарактар тууралуу маалыматты онлайн режимде көрө алат.

Учурда реестр түзүү иштери “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан тиешелүү кызматтар менен биргеликте башталып, шаардагы бардык сейил бактарда жана гүл бакчаларда жүргүзүлүүдө.

> Ар бир даракка атайын белги — “паспорт” берилет. Анда дарактын түрү, жашы, сөңгөгүнүн диаметри, бийиктиги жана жалпы абалы тууралуу маалыматтар камтылат. Бул адистерге жашыл көчөттөрдү көзөмөлдөп, туура кам көрүүгө шарт түзөт.

Инвентаризациянын негизги максаты — дарактардын абалын эсепке алуу, өз убагында дарылоо, кооптуу дарактарды аныктоо жана жашыл фондду сактоо.

Белгилей кетсек, Эркиндик бульварында дарактар массалык түрдө кыйылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.