> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Достук айылында 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/23/dostuk-aiylynda-3-kabattuu-zhany-miektiep-kuruluuda/
- Published: 2026-03-23T10:40:56.000Z
- Updated: 2026-03-23T10:40:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Борбор калаанын четиндеги Достук айылында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Жаңы мектеп башкы планга ылайык 5 блоктон турган, 3 кабаттуу заманбап имарат болуп курулат. Анда окуу класстары, эмгек кабинеттер, компьютердик класстар, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана бардык шарттары каралган спорт зал болот.

> Курулуш иштери өзгөчө шартта жүргүзүлүүдө. Анткени мектептин орду мурда кичи суу сактагыч болгон. Ушуга байланыштуу жер казууда кыйынчылыктар жаралып, 3 метр тереңдикке 10884 м³ шагыл төгүлүп, 9 катмар жер тыгыздалган. Бул ыкма имараттын жумшак жер кыртышында чөгүп кетпешин камсыздайт.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин миңдеген окуучуларга билим алууга шарт түзүлөт. Учурда Достук айылынын окуучулары №54 мектепке барып билим алып жатышат.