> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/23/oshto-3-mln-somduk-aldamchylykka-shiektielip-chiet-eldik-studient-karmaldy/
- Published: 2026-03-23T11:39:43.000Z
- Updated: 2026-03-23T11:39:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында “Нелегал” ыкчам иш-чарасынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Индиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады.**

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 22 жаштагы индиялык студент мекендештерине Индиянын улуттук валютасын АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылып, ири суммадагы акчаларын алдап алган.

> Учурда 9 жабырлануучудан арыз түшкөн. Алар берген акчанын көлөмү 35 миң сомдон 243 миң сомго чейин жетип, жалпы материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.

Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.