> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги айрым мектептер өзгөчө инженердик ыкмалар менен курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/25/bishkiektieghi-airym-miektieptier-ozghocho-inzhienierdik-ykmalar-mienien-kuruluuda/
- Published: 2026-03-25T10:33:14.000Z
- Updated: 2026-03-25T10:33:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин иштерин текшерип, жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Айрым объекттер татаал шарттагы аймактарда жайгашкан. Алардын ичинде №94 мектептин 750 орундуу корпусу (Дордой), Достук айылындагы 750 орундуу мектеп, №32 мектептин 250 орундуу жана №46 мектептин 450 жана 650 орундуу корпустары бар.

> Инженердик изилдөөлөрдүн негизинде №46 мектепте свайлык, №32 мектепте дренаждык ыкма колдонулууда. Ошондой эле жерди бекемдөө үчүн шагыл төшөлүп, темир-бетон плитасы куюлууда.

№94, №86 мектептерде жана Достук айылында жер 6–8 метр казылып, кайра толтурулуп пайдубал орнотулууда.

> Курулуш иштери татаал шарттарга карабастан уланууда. Долбоорлор коопсуз жана туруктуу чечимдер менен ишке ашырылууда.

2026-жылы Бишкекте 20 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.12.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.23.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.25.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.29.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.40.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-25----16.05.45.png)