> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/25/naryndaghy-kyrghyz-zhun-ishkanasy-ondurushun-kienieituudo/
- Published: 2026-03-25T10:08:23.000Z
- Updated: 2026-03-25T10:08:22.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Кыргыз жүн" жүндү кайра иштетүүчү ишканасына барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Иш сапардын жүрүшүндө министр өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар жана даяр продукциялар менен таанышып, тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

"Кыргыз жүн" ишканасы 2019-жылы ишке киргизилген. Жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзүп, жылына 60 тонна жүндү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүш жабдуулары негиздөөчү Курманбек Жакшылыков тарабынан өз каражатына алынган.

> Ишканада боз үйгө керектүү кийиздер, шырдактар жана жүндөн жасалган башка буюмдар чыгарылып, кардарлардын буйрутмасы боюнча да продукция даярдалат. Учурда ишкана Ысык-Көл облусун кийиз продукциялары менен 90 пайызга чейин камсыздап келет.

Азыркы учурда ишканада 9 адам эмгектенет. Кошумча өндүрүш линиясы курулуп, анын ишке кириши менен дагы 7–8 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Иш сапардын алкагында тармакты колдоо, өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу боюнча сунуштар каралды.