> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/25/rossiiada-kyrghyzstandyk-zharan-2-mln-rubl-tolom-aldy/
- Published: 2026-03-25T11:15:43.000Z
- Updated: 2026-03-25T11:15:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаранга багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын тиешелүү органдары менен иш алып барып, натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди.

> Мындан тышкары, каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.