> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/25/zhalal-abaddaghy-myizamsyz-kurulushka-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-25T13:46:22.000Z
- Updated: 2026-03-25T13:46:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерин текшерүү иштерин улантууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталды.

Маалым болгондой, тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп жаткан.

> Жыйынтыгында компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилип, 200 миң сом айып пул салынды. Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

Башкармалык тарабынан көзөмөл улантылып, тиешелүү чаралар көрүлөт.