> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/bala-yrysy-zholokpulun-ishkie-ashyruu-miekhanizmdieri-talkuulandy/
- Published: 2026-03-26T10:13:06.000Z
- Updated: 2026-03-26T10:25:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти.** 

Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты.

Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын камсыздоого жана үй-бүлөнүн кирешесин жарым-жартылай колдоого багытталган.

> Аны майыптыгы бар балдар, "Үй-бүлөгө көмө" алган үй-бүлөлөрдүн балдары ала алышат. Бийик тоолуу аймактарда жарандар 1200 сомдук "Бала ырысы" же 3000 сомдук башка жөлөкпулду тандай алышат.

Жыйында жөлөкпулду берүүнүн ачык жана натыйжалуу механизмдери талкууланды.