> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/bishkiektie-iskusstvo-univiersitietinin-5-kabattuu-okuu-korpusu-kuruluuda/
- Published: 2026-03-26T03:55:34.000Z
- Updated: 2026-03-26T05:19:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде курулуп жаткан кошумча окуу корпусунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

Жаңы 5 кабаттуу имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсү, 113 дарегинде курулууда. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жетти. Ошондой эле жертөлө кабатындагы кыш коюу иштери толугу менен бүткөрүлүп, 1-кабаттын дубалдарынын 40 пайызы бүткөрүлгөн.

Министр курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

> Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон туруп, окутуучулар жана студенттер үчүн заманбап шарттар менен камсыздалат.

Жаңы имарат пайдаланууга берилгенден кийин окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-7.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/6.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/7.jpg)