> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/el-aralyk-aghroforum-inviestitsiia-zhana-tiekhnologhiia-masielielieri-kotoruldu/
- Published: 2026-03-26T05:08:50.000Z
- Updated: 2026-03-26T05:08:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзбекстандын Ташкент шаарында туруктуу агроэкосистемалар темасында "Италия – Борбор Азия (С5) – Азербайжан" форматындагы бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Форумга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары А.Ж. Жээналиев катышып, баяндама жасады. Ал өз сөзүндө агрардык сектордун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, анын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу, калкты жумуш менен камсыз кылуудагы жана экономикалык өсүштөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө фермерлерди колдоо, билим берүү жана технология алмашуу аркылуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

> Форумдун жыйынтыгында сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, жаңы технологияларды киргизүү, агроөнөр жайды модернизациялоо жана жеке секторду колдоо боюнча коммюнике кабыл алынды.

Иш-чаранын алкагында B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, анда санариптештирүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана соода байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.