> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/karakoldo-sarkyndy-suulardy-tazaloochu-zhai-avghustta-ishkie-bieriliet/
- Published: 2026-03-26T05:21:41.000Z
- Updated: 2026-03-26T05:21:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.**

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Долбоор шаардын экологиясын жакшыртууга, тургундар үчүн коопсуз шарт түзүүгө жана шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга багытталган.

Станциянын курулушу эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта объекттин кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзүп, болжол менен 75 миң тургунду тейлей алат.

> Экинчи этап 2027-жылы башталып, дагы 12 миң куб метр кошулат. Натыйжада жалпы кубаттуулук 24 миң куб метрге жетип, борбордук саркынды суу тутумуна толук туташкан шартта 150 миң тургунду тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Учурда курулуш иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Бетон жумуштары толук аяктап, аэротенктер, баштапкы жана экинчи чөкмө бассейндер, кум жана май кармоочу жайлар курулду. Ошондой эле лабораториясы бар административдик имарат жана керектүү техникалык курулмалар даяр.

Алгачкы сыноо иштери 2026-жылдын май айына пландалган. Ал эми станцияны толук ишке берүү ушул жылдын август айына белгиленген.