> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/narynda-irrighatsiialyk-kanaldardy-zhanyloo-ishtieri-zhuruudo/
- Published: 2026-03-26T04:11:38.000Z
- Updated: 2026-03-26T04:11:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Кочкор районунда жүргүзүлүп жаткан бетон полотно орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

Иш сапарынын алкагында министр Теңдик каналынын Көк-Жар айылындагы участогунда аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп чыкты.

Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Камчыбек Курманбек уулунун маалыматына ылайык, район боюнча жалпы 12 065 чарчы метр бетон полотно орнотуу пландалган. Учурда иштердин жарымына жакыны аткарылып, курулуш иштери активдүү уланууда.

> Атап айтканда, Көк-Жар айылында 3 800 чарчы метр аянтта, узундугу 440 метр болгон каналга бетон полотно төшөлүүдө. Белгиленгендей, иштерди бир жуманын ичинде толук аяктоо мерчемделүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан долбоор ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/656626463_122207397572341273_3039941300804228111_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/656806718_122207397110341273_969329466492797515_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/656925279_122207397344341273_7784059568511955757_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/656937528_122207397656341273_7782298931728169572_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/657334117_122207396888341273_7776930324057669374_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/659328501_122207397776341273_6846578147590368268_n.jpg)