> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пестициддер жана агрохимикаттар боюнча электрондук база түзүлүп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/piestitsiddier-zhana-aghrokhimikattar-boiuncha-eliektronduk-baza-tuzulup-zhatat/
- Published: 2026-03-26T06:34:37.000Z
- Updated: 2026-03-26T06:49:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасы электрондук форматта түзүлүп, толукталууда.

> Учурда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөрдүн катышуусунда тестирленүүдө. Тестирлөөнүн жүрүшүндө препараттарды каттоо жана электрондук эсепке алуу процесстери текшерилип жатат.

Ошондой эле маалыматтардын тактыгына, колдонуучуга ыңгайлуулугуна жана бардык жол-жоболордун ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда.