> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 6 миң метрден ашык мыйзамсыз тор алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/26/ysyk-koldo-6-min-mietrdien-ashyk-myizamsyz-tor-alyndy/
- Published: 2026-03-26T11:12:02.000Z
- Updated: 2026-03-26T11:12:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы браконьерликке каршы рейддерди улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

2026-жылдын алгачкы үч айында Ысык-Көл көлүнөн 6000 метрден ашуун эски кытай синтетикалык торлор алынды.

> Адистердин маалыматына ылайык, бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиясына коркунуч жаратууда.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүп, рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.